Садыр Жапаров май айында Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров май айында Кытайга барат. Анын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын мамлекет башчыларынын катышуусундагы саммитке катышат. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 18-апрелде кытай тараптын демилгеси менен видеоконференция режиминде "Кытай – Борбордук Азия" экономика жана соода министрлеринин биринчи жолугушуусу өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономика министрлери катышты. Анын алкагында май айында өтө турган саммитке даярдык боюнча сүйлөшүү болду.

Мындан сырткары, ушундай маанидеги жолугушууларды соода-экономикалык кызматташтыктын жыйынтыгын системалуу түрдө чыгаруу, өнүгүү жолдорун пландоо жана алты өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жагы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан