19-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 19-апрелде өлкө аймактарында күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында жазылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +10…+12 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 17-22 метрге дейре жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан