19-апрелден 20-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, бул күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
"Унаада дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек топтому жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеңиз" деп эскертти ӨКМ.