Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ишканаларда Алексей Ширшов коррупциялык схема түзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Эл өкүлү Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго аталган министрликтин алдындагы Алексей Ширшов көмүскө башкарып жатат делген ишканаларды кароону тапшырды.
"Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында "Евразия сактык банкы" бар. Жакында эле баасы 14,5 миллиард сомдон ашуун деп бааланып жаткан "Альфа Телеком" былтыркы жылдын аягында "Евразия сактык банкынын" 9,42 пайыз акциясын сатып алып жатат. Бул экөө тең Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында. Ошо жерде отуруп алып каржылык схеманы ойлоп таап жатышат", - деди Акаев.
Ошондой эле ал бир апта мурун айткан Мамлекеттик өнүктүрүү банкын башкарган Евгения Судецтин күйөөсү Владимир Андросик Максим Бакиевдин убагында Ширшов менен чогуу бир топ иштерди жасап жүргөндүгүн айтты.
"Эми ошол Андросик "Евразия сактык" банкынын 2,9 пайыз акциясын сатып алып жатат. Бул жерде эмне болуп жатат? Эсеп палатасы ушул маселени карабасаңар болбойт. Бүт бардык акчаны, байлыгыбызды жыйнап туруп Ширшов качып кеткенде баарыбыз жер тепкилеп отуруп калбашыбыз керек. Мен муну эскертүү катары айтайын", - деди эл өкүлү.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов бүгүнкү күндө министрликте аудит жүруп жатканын билдирип, жыйынтыгы чыкканда маалымат берерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Евгения Судец 13-апрелде Кыргызстандын Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчилигинен өз арызы менен кеткен. Ал бул кызматка былтыр жыл аягында дайындалган.