"Садыр ава дейинби же аба деп жазамбы?" Депутат Осмонов алфавитти өзгөртүүнү сунуштады

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, алфавитти өзгөртүүнү сунуштады.
"Мисалы, мен сүйлөгөндө "Садыр ава" деп кайрыла берем да, а кат жазып калсам "ава" деп жазамбы же "аба" деппи? Биз ушуга W (дабл ю) тамгасын киргизишибиз керек. Буга оюңуздар кандай? Китеп жазгандар дагы ушундан кыйналышат", - деди Осмонов.
Ага Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова бул кыргыздын төл сөзү экенин айтты.
"Аба деген сөз Ысык-Көл менен Баткенде көбүрөөк колдонулат" деп жатпайсызбы. Аба деген сөз абалтан эле "обо" сөзүнөн пир туткан, улуу дегенден келип чыккан кыргыздын төл сөзү. Бул эки эле облуста эмес, бардык дубанда колдонулат, бирок жазылышында маселе бар. "Ава" деп эле айта берген туура, жазылышы "аба" болот", - деди Орозобекова.
Бирок Осмонов "аба" деп жазганда "воздух" деген маанини туюндуруп калып жатат деп нааразы болду. Аны менен катар "А" тамгасына үндөш дагы бир тамга киргизүү керектигин кошумчалады.
Орозобекова бул маселени талкуулап көрүшөрүн билдирди. Ал эми Тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев алдыда алфавиттик реформа боло турганын, ошондо караларын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 19.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан