"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотууну сунуштады

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахматованын 2022-жылга карата өлкөдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.
Буга чейин акыйкатчынын баяндамасы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган. Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун киргизгенин жарыя кылды. Бирок отставкага кетирүүгө эмне себеп болгону айтылган жок. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча Жогорку Кеңеш акыйкатчыны дайындоого жана мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Жылына бир жолу аткарган иши тууралуу баяндамасын угат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан