Кыргызстанга Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы келди (фото)

Бүгүн, 19-апрелде Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаментинин делегациясы Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай делегациясынын жетекчиси, Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаментинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ду Юнь Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.

Меймандарга ИИМдин Басма сөз кызматынын маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча жаңыланган маалымат борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы көрсөтүлдү. Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Иш сапардын алкагында делегация ИИМ жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ду Юнь айымга бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи. Мындан тышкары министрдин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коомдук коопсуздук департаменти, анын ичинде Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунун коопсуздук башкармалыгы менен чек ара аймактары бар жакынкы коңшулар жана өнөктөштөр катары өз ара аракеттешүү ниетин билдирди. Бүгүнкү күндөгү бардык кыйынчылыктарга бир дагы мамлекет туруштук бере албайт.

Кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында кызматташуубузду өнүктүрүү жана аларга каршы күрөшүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Мында биздин иш-аракеттерибиз кадыр-баркка, адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделиши керектиги белгиленди. Сөзүнүн аягында Суюнбек Ниязбеков мүмкүн болгон коркунучтар менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан