"Кыргыз тилин билбеген кызматкерлер жумуштан бошотулат". Мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.
Депутаттардын суроолоруна президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жооп берди.
"Кызматкерлер сөзсүз түрдө "Кыргыз тесттен" өтүшү зарыл. Анда мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат - А1, А2, В1, B2, С1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер В1 деңгээлинде билиши керек. Азыркы мыйзам кабыл алынгандан кийин талап дагы күчөйт", - деди Осмоналиев.
Ошондой эле ал токтом боюнча тестти "В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө акысы жок" деген норма бар экенин белгиледи. Мындан сырткары бардык министрлик, ведомстволордо иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөрүп жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан