Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев 1-июнга чейин УКМКнын Тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.
Ал эми Самаевдин жактоочусу Кымбат Жекшен кызы коюлган айыптарга каршы экенин билдирди.
“Биз коюлган айыптарга макул эмеспиз” дейт ал.
Эске сала кетсек, Урмат Самаев 17-апрель күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, анын кармалышы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу.
14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.