"Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок Жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.
Мындан сырткары жеке үйлөрдү борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуунун жагдайларын аныктоо боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө 55 миллион сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын ашыкча чыгымдоо жана республикалык бюджеттен 49 миллион сомдон ашык бөлүнгөн каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу боюнча башка мыйзам бузуулар аныкталды.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана Токмок шаарындагы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.