"Astro" тобунун солисти Мунбиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылды 

Түштүк Кореядагы белгилүү "Astro" тобунун солисти Мунбиндин жансыз денеси өз үйүнөн табышмактуу жагдайда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-апрелде Кореянын убактысы боюнча кечки саат 20:10дор чамасында 25 жаштагы ырчы жана бийчи Мунбиндин жансыз денесин анын менеджери Каннамдагы батиринен таап, полиция кызматкерлерине кабар берген.

Полиция кызматынын маалыматында, Мунбин өз жанын кыйган. Анын өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлө тургандыгы айтылат.

Fantagio Entertainment агенттигинин маалыматында, Мунбинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болушунча тынч өтөт. Мындан улам агенттик коомчулукту ар кандай такталбаган комментарий жазуудан алыс болууга чакырды.

Белгилей кетсек, "ASTRO" тобу 2015-жылы 14-августта негизделген. Топтун курамында Jin Jin, MJ, Ча Ыну, Роки, Санха жана Мунбин аттуу жигиттерден куралган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан