Депутат Осмонов майыптыгы бар балдар үчүн Бишкек менен Ошко мектеп курууну демилгеледи

Бишкекте майыптыгы бар 20 миңден ашуун бала билим албай, үйүндө отурат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелдеги парламенттин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим ала албай, зарыгып отурат. Борбор калаада да атайын майыптыгы бар балдарга арналып салынган бир дагы билим берүү мекемеси жок экен. Ошону ачпасак, бүгүнкү күндө Бишкектин өзүндө эле 20 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим албай, үйүндө отурушат", - деди Осмонов.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкек менен Ошко бирден мектеп курдурууну өтүндү.

Жогорку Кеңеш 20.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан