Сузакта мугалим окуучуга кол көтөргөн окуя боюнча Билим берүү министрлиги комментарий берди

Билим берүү министрлиги Сузак районундагы мектептердин биринде болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин социалдык тармактарда мугалим окуучуга таякча (указка) менен кол көтөргөн видео пайда болгон.

Белгиленгендей, аталган окуя ушул жылдын 12-апрелинде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы орто мектепте орун алган.

"Аталган мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалимине бул иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “Сөгүш” тартиптик жазасы берилген.

Ал эми мектептин директоруна “Эскертүү” тартиптик жазасы берилет.

Белгиленгендей, бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тарабынан эч кандай арыз түшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан