Кадырбеков бийликтин паракорлорду "кустуруу" аракетинен тыянак чыкпай жаткандыгын айтты

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков бийликтин паракорлорду "кустуруу" аракетинен майнап чыкпай жаткандыгын айтты.
"Кустуруу иштери болуп пара алгандарды камап, кармап деле жатат. Бирок токтобой күн сайын эле чыгууда. Прокурору деле, милициясы деле, чиновник, мэрлер деле кармалып жатат. Ушул эмнеден улам болуп жатат, бир анализдебейлиби? Камагандан, кустургандан пайда азыраак болот экен. Башка жолдору бардыр, балким, таалим-тарбия компонентин өнүктүрүш керек мектептерде. Айтор башкачараак мамиле кылыш керек болуп жатат ", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңеш 20.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан