Жогорку Кеңеште Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өткөрүлдү

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеште Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Арсланбек Малиев, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Айдарбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, коомдук ишмерлер, элчилер жана Азербайжандын Милли Межилисинин депутаттары катышты.

Алгач Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев конференцияны ачып, Азербайжан элинин улуу уулу, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Гейдар Алиевдин дүйнөлүк масштабдагы саясий ишмер экендигин белгилеп өттү.

Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси, депутат Искендер Матраимов баштаган конференциянын катышуучулары да сөз сүйлөп, Гейдар Алиевдин Азербайжан Республикасынын түптөлүшүнө, эгемендигинин бекемделишине жана эл аралык кызматташтыкты жакшыртууга кошкон салымы чоң экенин кошумчалашты.

Конференциянын жүрүшүндө Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин өмүр жолуна арналган документалдык тасма көрсөтүлдү. Муну менен катар быйыл кыргыз элинин залкар уулу, бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун да 95 жылдыгы белгиленери тууралуу сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан