Бүгүн, 21-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги майрамдык айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Садыр Жапаров борбор калаадагы Т.Усубалиев аянтында ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу айт намазга катышты. Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды миңдеген кыргызстандыктар менен чогуу окуду", - деп айтылат билдирүүдө.