Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду.
Мэриянын маалымат кызматынан белгилешкендей, ага шаар мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышты.
"Бүгүн ыйык Орозо айы аяктап, биз үчүн маанилүү болгон майрамдардын бири Орозо айт майрамын белгилеп жатабыз. Бул күнү Айт намазын окуп жатып, ар бир момун мусулман Жараткандан жерибизге береке, жакындарына жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана аманчылык тилешет. Жакшы ниеттер менен дуба кылышат.
Жалпыңыздарды өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынан атынан чын жүрөктөн бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктаймын. Жараткан ар бирибиздин кылган дубаларыбызды кабыл кылсын. Ар бир үйгө береке жана ынтымак берсин. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!", - деди мэр куттуктоо сөзүндө.
Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 11 миңден ашык адам катышты.