Өлкөдө чек арачыларга китеп чогултуу акциясы өтөт

Өлкөдө чек арачыларга китеп чогултуу акциясы өтөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ар бир чек арачыга китеп" акциясы эл аралык китеп күнүнө карата уюштурулду. Анын максаты - алыскы жана бийик тоолуу аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарып турган аскерлерге руханий байлык тартуулап, ар кандай жанрдагы китептерди жеткирүү.

Каалоочулар 24-25-апрель күндөрү төмөндөгү даректерге китептерди таштап кетсе болору айтылат.

Баткен облусу:
Баткен шаарындагы Маданият үйү;
Раззаков шаарындагы Борбордук китепкана;
Айдаркен шаарындагы Маданият үйү.
Ош облусу:
Ош драма театры;
Ош шаардык китепканасы;
Курманжан көчөсүндөгү облустук китепкана;
Масалиев көчөсүндөгү "Ак-Кеме" соода борбору.
Нарын облусу:
Орозбаков атындагы облустук китепкана;
Нарын мамлекеттик университетинин илимий китепканасы.
Жалал-Абад облусу:
Шамалды-Сай айылындагы Маданият үйү;
Ала-Бука айылындагы Маданият үйү;
Т.Тыныбеков атындагы филармония ;
Ысык-Көл облусу:
Каракол шаары, Абдрахманов, 146 дарегиндеги китепкана;
Орозбеков, 103 дарегиндеги Ленин орто мектеби;
Балыкчы шаары, Кулакунов көчөсүндөгү эски базар.
Талас облусу:
Талас шаарындагы балдар музыкалык мектеби.
Бишкек: "Ала-Арча", "Азия-Молл", ГУМ соода борборлору, "Аламүдүн", "Ош" базарлары жана Кожомкул атындагы спорт сарайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан