"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул сапар жарыктандыруучулар Октябрь районунун конуштарында иш алып барышууда.
"Кара-Жыгач конушунда Төө-Ашуу, Бакай, Кожомкул, Исакеев жана Көк-Ойрок көчөлөрүнө узундугу 1570 метр узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылып, 40 даана көчө шам чырактары орнотулду.
Мындан сырткары, 5 жана 8-кичи райондорго 12 даана жаңы лампалар орнотулду", - деп жазылат маалыматта.