Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандан Орусияга сүт азыктарын импорттоону токтото турганын маалымдады. Мындай маалымат ведомствонун сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Россельхознадзордун кызматкерлери 10-16-апрель күндөрү Кыргызстандагы сүт ишканаларын жана сырьё базаларын текшерип, жыйынтыгында эреже бузуулар бар экендигин аныкташкан.
"Кыргызстандын ишканаларында байкоо жүргүзүү системасы жок, сырьё кайдан алынарына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондой эле ишканалар сүттү документи жок колдонушат жана маркасы жок сакташат", - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын Ветеринардык кызматы сүт ишканаларын кайра текшерип чыккандан кийин Россельхознадзор дагы бир ирет текшерүү жүргүзөт. Андан соң Орусияга сүт азыктарын кайрадан импорттоо маселеси каралары айтылат.