Жети кыргызстандык "Манас-Вашингтон" сыйлыгына ээ болду

Жети кыргызстандык "Манас-Вашингтон" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.

Ага ылайык, АКШнын өлкөдөгү элчиси Лесли Вигери билим берүү, спорт, аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоо тармагына кошкон салымы үчүн өлкөнүн ар аймагындагы коомчулук лидерлерин сыйлады.

Баткен облусунда автордук мектеп-гимназия негиздеген мугалим Гапыр Мадаминов, Чүй облусунан көзү азиз спортчу, майыптардын укугу үчүн күрөшкөн Жалалидин Абдувалиев, Ысык-Көл облусунан кыздардын хоккей командасынын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов, Жалал-Абад облусунан бакча жетекчиси, бир нече китептин автору Максуда Жумалиева аталган сыйлыкка татыган.
Нарын облусунан майыптардын укуктары үчүн күрөшкөн Улукбек Бакаридинов, Ош облусунан аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн Дарийкан Асылбекова жана Талас облусунан билим берүүгө салым кошкон Мыскал Сагынбаева элчинин колунан сыйлык алышканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан