Айрым аймактарда жаан жаайт. Ишембиге карата аба ырайы

Эртең, 22-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарында жаан жаашы ыктымал. Ал эми Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан