Судандагы кагылышта 400дөй адам каза тапты

Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышууда 400дөй адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-апрелге карата кагылышууда жалпы 400дөй адам каза таап, 3551 адам жараат алган.

"Каза болгондордун арасында жаш балдар да бар, кеминде 50дөй бала жабыркаган.

Учурда кагылышуулар айрыкча Хартум жана Бахри шаарларында уланууда", - деп жазылат маалыматтарда.

Маалымат үчүн: 15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан