Илон Маск бир күндө 12 миллиард долларын жоготту

Америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы Tesla акцияларынын азайышынан улам бир күндө 12 миллиард 600 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Tesla компаниясынын акциясы 9,75 пайызга төмөндөп кеткен. Мындан улам Илон Маск бир күндө байлыгынын 7 пайызын, тактап айтканда, 12 миллиард 600 миллион долларын жоготкон.

Мындан сырткары, 20-апрелде Бока-Чика учуруу аянтынан учурулган Starship космостук кемесинин прототибинин жарылуусу да себеп болгондугу айтылат.

Илон Маск Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү, Твиттер социалдык тармагынын ээси. Бүгүнкү күндө анын байлыгы 164 миллиард долларды түзөт.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан