Бишкекте "Салттуу музыка жумалыгынын" алкагында, эртен, 22-апрелде "Күү күнү" белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар төмөндөгү программанын негизинде өткөрүлөт.
10:00 - Тегерек стол: “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы...”;
12:00 - Мастер класс: “Аспапчылык өнөр жана алып жүрүүчүлөр”. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, комузчу Зайнидин Иманалиев жана анын шакирттери;
Өтүү орду: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
14:00 - Тегерек стол: “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер”;
15:30 - Мастер класс: “Санатчылык - дастанчылык өнөр...” Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев.
Өтүү орду: Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.
19:00 - Күүлөр... Доорлор баяны (аспапчылардын концерти).
Өтүү орду: “Ынтымак” паркы.