Өлкөдө ишке ашырылып жаткан "Социалдык келишимдин" мыкты долбоорлоруна кошумча насыя берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Ата районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди.
«Министрлик «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте «Социалдык келишим» долбоорунун катышуучуларын кошумча каржылоо моделин иштеп чыгууда. Бизнес-идеясын эң натыйжалуу ишке ашырган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 200 миң сом өлчөмүндө кошумча насыя ала алышат», - деди министр.
20-апрелде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков, Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Нурбек Сагынбаев катышты.
Аталган район боюнча жалпы 51 үй-бүлө "социалдык келишим" долбоорунун алкагында ишкерлик баштоого 100 миң сомдон алышат.