Оштун борбордук Масалиев көчөсүнүн жолу толук оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош шаарынын борбордук Масалиев көчөсүнүн жолу толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, аталган көчөнүн Раззаков көчөсү (болжол "Каныкей эне" сейил багы) менен кесилишинен баштап, Шамшиев көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүнө толук жаңыдан асфальт төшөлөт.
Объекттин узундугу 3 чакырым, туурасы 25 метрди түзүп, курулуш иштерин кийинки жумадан тарта баштоо пландалууда.
График боюнча реконструкциялоо иштери ушул жылдын күз айларына чейин аягына чыгуусу керек. Ал эми жумуштун башталышында жолду реконструкциялоо жана кыймылдын схемасы тууралуу маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MAKALAK
2023-04-22 11:29:00
Юго востокко чейин болсо жакшы болот эле
0
Saidochka
2023-04-22 11:38:00
Касымбеков кочосунун тамтыгы чыгып кетти,жургонго мумкун болбой,Манас круговойго чейин.качан ондолот экен,билген киши барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан