"Тамак жегенге болбойт". Кыргыз драма театры спектакль көрүү маданиятын эскертет

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры спектакль көрүү маданияты тууралуу эскертет. Ага ылайык:

  • Театрга 12 жашка чейинки балдарды алып келүүгө болбойт;
  • Эгер келип алсаңыз, балаңыз спектакль маалында ыйласа дароо залдан чыгып кетүү зарыл. Себеби, театр кино эмес, театр жандуу организм, артисттер жандуу ойноп жаткан учурда балдардын ыйлаганы өтө тоскоолдук жаратат;
  • Спектакль маалында тамак жегенге, шатыратып баштык оодарганга болбойт;
  • Спектаклге кирип жатканда уюлдук телефондун үнүн өчүрүп коюу зарыл;
  • Телефондун шыңгыраганы бардык көрүүчүлөрдүн да, ойноп жаткан артисттин да оюн бөлөт;
  • Спектакль маалында эч качан телефон менен сүйлөшүүгө болбойт;
  • Эгер кечигип келсеңиз билетте жазылган орундукту издеп бүт залды кыдырбай четтеги бош орунга отура бериңиз;
  • Спектаклге кечигип киргенге болбойт;
  • Театрга, деги эле коомдук жайга ашыкча жыпар жыттанган атыр себинип келүүгө болбойт. Бул отургандарга ыңгайсыздык жаратышы толук ыктымал.

Буга чейин театрдын май айындагы репертуары жарыялаган. Маалым болгондой, спектаклдер саат 18:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан