
17-21-май күндөрү ордолуу Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, жетинчи ирет өтө турган дүйнөлүк фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.
Бүгүнкү күндө фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Орусиянын субьектилери Башкортостан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен Республикаларынын өкүлдөрү катышуу ниетин билдирип, тастыктады.
Анын алкагында эпос таануучулар жана окумуштуулардын катышуусунда илимий- практикалык симпозиум, айтуучулар арасында “Мыкты Семетейчи”, дастанчылар арасында “Мыкты дастанчы”, кол өнөрчүлөр арасында “Мыкты кыргыз Боз үйү» республикалык сынактары, дизайнерлер арасында “Саркеч көчмөн” эл аралык сынагы жана “Кадырлуу каада салт» сынактары өтөт.
Иш-чара кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо, өнүктүрүү максатында өтөт.