2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүндө жашоо минимуму 7 501 сом 97 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылат.
Калктын жаш курагына жараша жашоо минимумунун өлчөмү да ар кандай. Алсак, эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн 8 636 сом 20 тыйынды түзсө, пенсия курагындагылар үчүн 6 650 сом 27 тыйын, ал эми балдар үчүн 6 415 сом 63 тыйынды түздү.
Статком жарыялаган маалыматка ылайык, жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Бишкекте жана Нарында эң көп көрсөткүчкө жеткен.
Аймактардагы жашоо минимумунун суммасы: