Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан Судан Республикасына барбай турууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
22-апрелдеги билдирүүгө таянсак, ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан аймактардан оолак болууну сунуштады.
"Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда 7 Кыргыз жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы элчилиги Суданда жүргөн Кыргыз жарандарын тактоо иштерин улантат" деп айтылат ТИМ берген маалыматта.
Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турганы белгиленди.
Маалымат үчүн: 15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган. Дүйнөлүк басалмалардын акыркы маалыматтарына ылайык, кагылыштан 600гө чукул адам каза болуп, 3500 миңден ашык жаран жаракат алган.