Ош облусундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында аталган унаа жолдун 82-чакырымына көлөмү 6000 метр куб таш кулап, жол эки
тараптуу жабылып, чоң чыңалуудагы электр зымдары үзүлгөн.
Маалыматка ылайык, учурда унаа жол кеңейтилүүдө. Ошондой эле электр тармактары ишканасынын адистери жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын калыбына келтирүү иштерин жасап жатышат.
Эске салсак, жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Н.Шаматов жана тиешелүү тармактын адистери тартылган.