Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамовдун жолугушуусу болуп өттү. Маалыматты ТИМден кабарлашты.
Кабарлангандай, жолугушуу 22-апрелде орун алып, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
"Ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун негизги жана артыкчылыктуу маселелери жана эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосундагы жол картасынын аткарылышы каралды.
КЭР-КР-УзР темир жол долбоорун тезирээк ишке ашыруунун мааниси айрыкча белгиленди" деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары, тараптар транспорттук логистиканы мындан ары өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.