Бишкекте жумуш издеп жүргөндөр үчүн жарманке уюштурулат

28-апрелде Бишкек шаарында жумуш жана кесип боюнча жарманке өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жарманкеде 6000ден ашык бош иш орундары сунушталып, калаанын 70тен ашык алдыңкы ишканалары катышат.

Анда учурдагы бош орундардан тышкары кесип тандоо жана окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар да айтылат.

Жарманке Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат. Катышуу акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан