Орусиянын Екатеринбург шаарында А.А. аттуу кыргызстандык бала дайынсыз болуп изделип жатат. Ал 21-апрелде саат 7де мектепке кеткен боюнча үйүнө кайтып барган эмес.
ТИМ тараткан маалыматка ылайык, 22-апрелде окуучунун ата-энеси аталган калаадагы №11 полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
"Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам түрдө полиция бөлүмүнө барып, дайынсыз жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолугушту. Учурда полиция бала издеп жатат. Ошондой эле, Башкы консулдук окуя тууралуу Екатеринбургдагы мекендештер тарабынан түзүлгөн социалдык тармактарда 100дөн ашык тайпага кабарлады.
Окуучуну издөөгө мекендештерден тышкары жергиликтүү «Прорыв» жана «Лиза Алерт» издөө топтору да катышууда", - деп жазылат маалыматта.