Суданда интернет толугу менен өчтү. Согуш уланууда

Суданда дагы да токтобой жаткан салгылашуудан улам өлкө аймагында интернет дээрлик толугу менен өчтү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учурда калктын 2 гана пайызы интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Согушуп жаткан эки тарап тең өздөрүнүн аскердик ийгилиги жана объектилерди көзөмөлдөө боюнча карама-каршы пикирлерин айтышууда. Бул массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда массалык маалымат согушуна алып келди.

Кагылышуулардан каза болгондордун саны өсүүдө. Судандын саламаттыкты сактоо министринин айтымында, каза болгондордун саны 600гө жеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Судандын куралдуу күчтөрү менен Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы салгылашууларда 420дан ашуун адам каза болуп, 3 миң 700дөн ашууну жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан