Орусиянын Екатеринбург шаарында дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда өспүрүм ата-энеси менен чогуу үйүндө.
"Баланын жакындары жана Башкы консулдук полиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана бардык камкор жарандарга жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Екатеринбург шаарында кыргызстандык өспүрүм дайынсыз болуп изделип жатканын билдирген.