Кыйынчылыктар бизден инновациялык чечимдерди жана ыкмаларды талап кылат

Заманбап кыйынчылыктар менен коркунучтарга саламаттыкты сактоо системасы кантип каршы тура алат, бул жөнүндө 27-28-апрелде Бишкекте биринчи жолу өтө турган «City Health» шаардык саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык конференцияда сөз болот. Биринчи панелдик сессияда «Денсаулық» адамдын ден соолугу үчүн тобокелдик факторлорун төмөндөтүү боюнча улуттук ассоцициясы” ЮЖБ Кеңешинин төрайымы, дарыгер Бахыт Туменова модераторлук кылат.

«Азыркы саламаттыкты сактоо системасы оорулардын көбөйүшүнө алып келип жаткан экологиянын бузулушу, жаңы инфекциялардын пайда болушу, адамдардын жашоо мүнөзүнүн өзгөрүшү (туура эмес тамактануу, ичкилик ичүү, чылым чегүү, баңгилик, өспүрүмдөр арасында синтетикалык баңгизат түрлөрүнүн өсүшү, жыныстык турмушту эрте баштоо) сыяктуу бир катар заманбап көйгөйлөргө туш болду. COVID-19 пандемиясы айрым өлкөлөр менен региондордун саламаттыкты сактоо системаларынын жаңы вируска даяр эместигин көрсөттү, ал эми дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагынын көйгөйдү жеңүүгө даярдыгы жетишсиз болуп чыкты.

ДССУ маалыматы боюнча, адамдын жашоосунун узактыгы жана ден соолугу негизги төрт фактордон көз каранды. Ушул моделге ылайык, адамдын жашоо мүнөзү 50%, тукум куучулук – 20%, экология – 20% жана медициналык жардамдын сапаты 10% таасир этет. Башкача айтканда, адамдын өзүнүн ден соолугуна карата мамилеси, зыяндуу адаттардын болушу же жоктугу чечүүчү мааниге ээ болот.

Акыркы он жылдыктарда ар кыл себептерден улам биздин өлкөнүн көпчүлүк калкынын жашоо мүнөзү кескин түрдө өзгөргөнү кооптонуу жана тынчсыздануу жаратат. Кээ бир адамдар жүрүш-турушун өзгөртүп, спорт менен машыгып жана туура тамактана баштаган менен калктын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле чылым чегип, ичкилик ичүү адатын улантып жатканы андан дагы жагымсыз көрүнүш. Мындан тышкары, эл дарыгерлерге, медициналык кызматтарга ишенбей калды жана мындай ишенбестик маанай дагы деле өсүүдө. Акысыз эмдөө алуудан баш тарткандардын саны өсүп жатат (өзгөчө пандемия убагында). Медициналык кызматкерлердин билим деңгээли төмөндөп, дарылык каражаттардын сапаты начарлады.

Бирок адамдардын пайдасына чечимдерди табууну талап кылган кыйынчылыктар биздин алдыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Кризис – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн учуру. Андыктан калктын ишенимин ордуна келтирүү зарыл, бирок мындай татаал маселе жаңы ыкмаларды, жаңычыл чечимдерди талап кылат.

Ар бир адамдын жашоо мүнөзү чечүүчү фактор, ал эми кимдир-бирөөнү жүрүм-турумун өзгөртүүгө мажбурлоо абдан татаал, андыктан бизге дени сак жашоо мүнөзүн жайылтуу, спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана альтернативдүү товарларды жеткиликтүү кылуу, ичкиликти аша чаап колдонуудан сактануу ж.б. тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана агартуу иштерин күчөтүү жолу гана калат.

Зыяндарды азайтуунун жаңы ыкмалары жалпысынан оорулардын алдын алуу жана өнүгүү тобокелдигин төмөндөтүү жана экологияны жакшыртуу үчүн колдонулушу мүмкүн, бул натыйжада саламаттыкты сактоо системасына, өлкө экономикасына жана жалпы эле регионго түшкөн оор түйшүктү азайтууга таасирин тийгизет».

Бахыт Туменова, дарыгер, «Денсаулық» адам ден соолугу үчүн тобокелдиктер факторлорун төмөндөтүү боюнча улуттук ассоцициясы” ЮЖБ Кеңешинин төрайымы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан