Коңшу Казакстанда 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына Жеңиш парады өткөрүлбөйт. Бул тууралуу ТАСС басылмасына Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
"Казакстанда 2023-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу пландалган", - деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.
Жеңиш күнүнө карата Казакстанда акыркы жолу 2019-жылы аскердик парад өткөн.