Президент Садыр Жапаров Жеңиш күнүнө карата Орусияга сапары пландалган жалгыз чет элдик лидер болууда. Бул тууралуу "Ведомости" басылмасы жазды.
Белгиленгендей, Жапаров Жеңиш майрамына арналган салтанатка катышары күтүлүүдө.
Аталган иш-чарага ал тургай Беларусь президентинин катышуусу да күмөндүү.
"Орусиянын башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин башка чет элдик лидерлер (мисалы, союздаш Беларустун башчысы Александр Лукашенко) майрамга Москвага келе алабы же жокпу деген суроосуна жооп берген жок", - деп жазат басылма.
Кыргызстандын президентин Орусияга 31-мартта өкмөттөгү эл аралык мамилелерди көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алексей Оверчук чакырды.
"8-9-майда биз сиздин расмий сапарыңызды күтүп жатабыз. Бул визиттин биздин эң маанилүү жалпы майрамыбыз – Жеңиш күнүнө туура келгендиги өзгөчө мааниге ээ. Албетте, Кыргызстан бул жеңишке жана Москваны коргоого кандай салым кошконун ар дайым эсибизде сактайбыз, бул биз үчүн ыйык”, - деди ал Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда.
"Ведомости" басылмасынын маалымат булактары билдиргендей, бул күндөрү боло турган сапардын жүрүшүндө бир гана салтанаттуу иш-чараларга катышуу эмес, эң жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү да пландалууда.