Парламенттин төрагасы Орусияга расмий иш сапары менен барды

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, расмий сапардын алкагында Шакиев аталган өлкөнүн федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан