24-апрелде Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бундестагдын депутаты, Германиянын социал-демократтык партиясынан “Германия-Борбордук Азия” парламенттик тобунун мүчөсү жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу маселелери боюнча фракциясынын жооптуу ɵкүлү Андреас Ларем менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелери жана Борбордук Азия регионундагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы актуалдуу кызматташтык, анын ичинде алдыда боло турган биргелешкен иш-чаралар жана өз ара сапарлар тууралуу маалымат берди.
Бундестагдын депутаты Андреас Ларем быйыл май айында Кыргызстанга келерин айтып, Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.