Баткен шаарында “Кыргыз ажары - Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Улуттук маданий борбордун маалымат кызматынан кабарлашты.
Алынган маалыматка ылайык, иш-чара 27-апрель жана 28-апрелде борбордук стадиондо болот.
Фестивалга 7 дубандагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана чеберлер катышат.
Иш-чаранын максаты - кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу. Мындан тышкары коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат.
Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталат. Өзгөчө килемде болгон түрлөр, оюулар, түшүрүлгөн көчөттөр нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлат.
Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот.