
Сокулук районундагы Шопоков шаарында бош жумуш орундар жарманкеси өтөт. Иш-чара 28-апрелде өтөрүн Эмгек министрлигинен маалымдашты.
Белгиленгендей, жарманке ар түрдүү тармактагы жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендерди байланыштырууга багытталган. Ошондой эле потенциалдуу кызматкерлерге иш издөө платформасын көрсөтөт.
"Иш-чарада жумуш берүүчүлөр менен иш издөөдөгү андан аркы мүмкүнчүлүктөр талкууланат. Мындан тышкары жумуш берүүчүлөр азыркы учурда бош орундар боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр" деп айтылат маалыматта.
Жарманке Кыргыз эл аралык университетинин имаратында саат 10:00дөн 12:00гө чейин өтөт.