Акылбек Жапаров менен Алексей Оверчук эмнени талкуулады?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен видеобайланыш форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туураалуу бүгүн, 25-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулап, интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүгө басым жасап, эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин белгилешти.

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын мартында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 24-отурумунун алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусун карап чыгышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүүнү макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан