Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы жогорулады. Бул тууралуу эл өкүлү Эмил Токтошев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.
Анын айтымында, азыркы тапта депутаттардын орточо маянасы 100 000 сомду түзөт.
"Бир депутаттын айлыгы азыр 100 миң сомго жакын болуп калды. Мисалы, мен 100 миң сомго жакын алам. Маянабыз көтөрүлгөнүнө эки ай болду. Буга чейин 26-27 миң сомдун тегерегинде алчубуз", - деди Токтошев.
Ошондой эле ал депуттардын маянасы иш тажрыбайсына жараша да ар түрдүү экендигин кошумчалады.
Эске салсак, 2021-жылдын 2-декабрында президенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы азайганы тууралуу маалымат тараткан. Анда төрага 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом алары (оклад) көрсөтүлгөн. Бирок билдирүүдө эл өкүлдөрүнүн эмгек акысы канча пайызга кыскартылганы жазылган эмес.
Андан соң айрым ЖМКлар президенттин жарлыгынан кийин депутаттардын маянасы 500 сомго эле азайганын жазып чыгышкан.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>