Курманжан датканын кичи мекенинде эстелиги тургузулду (сүрөт)

Бүгүн, 25-апрелде Жапалак айыл өкмөтүнүн Орке айылында Курманжан датканын эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назилбеков, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Эстелик Ош шаардык кеңешинин депутаты Бексултан Үсөновдун жана жергиликтүү элдин демилгеси менен тургузулган. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундары улуу жол башчы жана башкаруучу Курманжан датканын эстелигин орнотууга салым кошкондорго ыраазычылыктарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Курманжан Маматбай кызы (Курманжан датка) Ош шаарынын Жапалак аймактык кеңешине караштуу Орке (Орок) айылында көчмөндөрдүн үй-бүлөсүндө туулган

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан