26-апрелге карата аба ырайы

26-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Бишкекте түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан