Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштардын суу жана электр энергиясы өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев баштаган жумушчу топ "Керме-Тоо" жана "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышып чыгышты.
Комиссиянын курамына Мамлекеттик курулуш комитетинин, архитектуранын, коммуналдык чарбанын жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген.
"Рейддин жүрүшүндө курулуп жаткан 7 көп кабаттуу үйдө мыйзам бузуулар аныкталып, суу жана электр энергиясы өчүрүлдү. Курулуп жаткан объектилерде бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, тиешелүү документтер даярдалгандан кийин алар аталган тармактарга кошулууга уруксат ала алышат", - деп айтылат маалыматта.