Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны өтпөй калды

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтпөй турган болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөлүү себептерден улам жыйынга катыша албай калгандыгы себеп болгону айтылат.

Маалымдалгандай, 26-апрелде каралышы керек болгон маселелер Жогорку Кеңештин 27-апрелде өтө турган жыйынынын күн тартибине бириктирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан